Адвокат Данияр Эркимбаев: «Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок»

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок, деп билдирди жактоочусу Данияр Эркимбаев бүгүн, 22-февралда.

Буга чейин Абылгазиев ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтар тараган.

«Бул чындыкка дал келбейт. 19-февралда жолукканда ачкачылык тууралуу сөз да болгон эмес»,- деди адвокат.

Биринчи май райондук сотунда 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында Абылгазиев 26-мартка чейин камакка алынган.

Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелүүдө.