Адвокат: «Ниязов менен Сагымбаев үй камагына чыгышы керек»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов менен жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу керек. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев айтып чыкты.

Анын айтымында, жогорудагы экөө камакта кармалышы үчүн эч бир кылмыш кылган эмес. “9-октябрь күнү Ниязов митингде эл алдында сүйлөгөн эмес. Ал эми Сагымбаев тескерисинче чагымчылдыкка алдырбоого чакырган. Анын үстүнө экөө өлкөдөн качып кетүүгө аракет да кылган жок. Жашырынгысы келсе, анда 5-октябрдагы окуялардан кийин деле изин суутушмак. Бүгүнкү күндө керек болсо коррупциялык иштер боюнча фигуранттарды да үй камагына чыгып жатышат”, — дейт Жоошев.