Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды.
Кошумчалай кетсек, анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңеште каралган. Эл өкүлдөрү Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдошкон.