Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп бекитилди

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды.

Кошумчалай кетсек, анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңеште каралган. Эл өкүлдөрү Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдошкон.