Агрардык университетке барган Нурланбек Шакиев студенттерге эмне убада кылды? (сүрөт)

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетке барды. Алгач төрага окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу бөлмөлөрүн жана лабораторияларын көрүп чыкты. Андан соң окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Калктын саламаттыгын чыңдоо үчүн өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо башкы максат экенин айткан төрага: “Айрыкча илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, өлкөбүздүн агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүүбүз кажет. Бул үчүн айыл чарба маселелерин мыкты түшүнгөн, аны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын жакшы өздөштүргөн адистер өтө зарыл. 90 жылдык тарыхка ээ Кыргыз улуттук агрардык университети коюлган талаптарды эске алып, алдыңкы адистерди чыгарган улуу окуу жай катары кызмат кылууну улантат деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле окуу жайды өнүктүрүү багытындагы сунуш-пикирлери менен бөлүшүп, алдыңкы университетке айлантуу үчүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарыл экенине токтолду. Баарлашуу суроо-жооп иретинде уланып, агартуучуларды турак-жай менен камсыздоо, айлык маянасын жогорулатуу, студенттер үчүн каралган стипендиянын көлөмүн көтөрүү өңдүү талаптар айтылды. Жолугушуунун алкагында Нурланбек Шакиев университетке заманбап компьютерлерди тапшырып, окуу жылдын аягында Жогорку Кеңештин атынан алдыңкы 15 студентке 20 миң сомдон стипендия, эки окутуучунун илимий ишмердүүлүгүн колдоо катары 100 миң сомдон берерин маалымдады.

“Бул башталышы гана. Мындай колдоолор дагы улантылат. Студенттерди шыктандырып, агартуучуларга колдоо көрсөткөндө гана натыйжалуу жыйынтыкка жетише алабыз”, – деди төрага.