Ахматбек Келдибеков: «Бактыбек Калмаматовдун камалышы — бул акыйкатсыздык»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Азаттык» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Ахматбек Келдибеков экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун камалышы боюнча кайрылуусун соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Биз, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев баш болгон “Ата-Журт” саясий партиясынын 17 депутаты акыйкатсыздык менен коштолгон саясий куугунтук кандай болорун жакшы билебиз. Мунун баарын жон терибиз менен сезип башыбыздан өткөргөнбүз. Ошол мезгилде бийлик башында тургандарга карата биз айткандай ачуу сындарды көп саясатчылар айта алган эмес. Биз бийликке жакпаган, бийликтин ишинин кемчилигин айтып туруу ар бирибиздин милдетибиз жана конституциялык укугубуз деп билчүбүз. Анан калса, кылым карыткан элибиз «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп айтышат. Ошондуктан да, Бактыбек Калмаматовдун камалышы — бул акыйкатсыздык, эгемен Кыргызстандын бийлигине жарашпаган нерсе десем жаңылышпайм.

Анан кимдир бирөө бир нерсеге нааразылыгын билдирип койсо эле, аны оппозициянын катарына кошуп, ага саясий куугунтук жасоо жаңылыштык деп ойлойм. Биринчи аныктап алуу керек: эмнеге оппозиция? Маселени мен ушинтип койгум келет. Бийликке оппозицияда болуу – бул бир маселе. Бийлик жүргүзүп жаткан саясатка карата оппозицияда болуу — бул башка маселе.

Дайыма Кыргызстан демократиялык өлкө деп кыйкырып келебиз. Анда ушул демократиялык өлкөнүн бийлигинин жарандарына карата аракеттери өзүм билемдиктин, зордук-зомбулуктун үлгүсү болбошу керек. Биз убактыбызды, энергиябызды саясий, жеке тирешүүлөргө коротуп, күнүмдүк маселелерди чечүү стратегиясы менен жашабашыбыз керек. Мамлекет менен элдин кызыкчылыгы жеке дымак менен сезимден өйдө турушу кажет. Эл дайыма туруктуулукту талап кылат жана эч кандай авантюраларды колдобойт. Убакыт — мезгил кечеңдикти кечирбейт. Оомат – оома болот…

Ошондуктан мен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдон, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевден, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевден Бактыбек Калмаматовго карата козголгон кылмыш ишин акыйкат карап, эркиндикке чыгарып берүүсүн суранат элем», — деп жазылат кайрылууда.

Бактыбек Калмаматов 21-декабрда кечинде «Манас» аэропортунан УКМКга жеткирилген. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин эки суткага УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Эртеси анын кеңсеси менен үйү тинтүүгө алынды. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат.