Ахматбек Келдибеков: «Чек арадагы окуянын токтогону жакшы жөрөлгө»

Баткен облусунда болгон окуя тарыхыбызда кара так менен жазат. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө саясатчы Ахматбек Келдибеков билдирди.

«Бүгүнкү күнү 63 адам каза болуптур. Бул оор жоготуу. Негизинен аскерде кызмат кылган жоокерлер өз элин-жерин сактап каза болушту. Ушундай учурда эл билимдүү экенин далилдеди. Кыйынчылык болгондо, бир муштумга чогулду. Уланып кетсе деген ой менен Баткенге барчулар жазылышты. Эртеси токтогону мамлекет үчүн жакшы нерсе болду. Кандай гана болбосун согуш болбогон элге жакшы. Согушту жон териси менен сезбегендер кайра күчөтүп, ар түрдүү нерсе жазып жатышат. Бүгүнкү күндө токтогону жакшы жөрөлгө. Жаман нерсе издегендин кереги жок. Чекит коюу керек. Чек ара маселеси бир эле мамлекет чеччү нерсе эмес», — деди ал.