Келдибеков посттордун алынышы боюнча: «Ташиев элге зыян боло турган нерсеге кол койбойт» 

Чек арадагы кагылышууга посттор себеп болуп, алынса туура деп ойлойм. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө саясатчы Ахматбек Келдибеков билдирди.

«Камчыбек Ташиев патриот жигит. Ошол үчүн күнү-түнү жүрөт. Ал элге зыян боло турган нерсеге кол койбойт деп ишенем. Анткени мен ал адамды билем. Кечээ журналисттерге интервью берип жатып, протоколдорду таркатарын айтты. Элге чындыкты айтыш керек. Ошондо элде маселе азыраак болот. Чек арага акыры чекит коюш керек. Ворух өзгөчөлөнүп анклав болуп турат. Аны эл менен акылдашып, референдум болобу, Тажик бийлиги менен акылдашып, алмаштырышыбыз керек. Алмашканда гана анклав жоголот. Чек ара маселеси чечилет», — деди ал.