«Өткөн чакырылыштагы депутаттар деле «чимкирик» атка конду. Эл депутатты шайлап жатканда татыктуусун шайлаш керек. Эң биринчи ошол шайлоочулардан кетип жатат». Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө саясатчы Ахматбек Келдибеков билдирди.
«Шайлоо учурунда татыктуусун шайлашса, күчтүү парламент болот. Парламент бийликтин эң негизги бутагы. Мыйзамды кандай жазса, аткарылышын талап кылса, ошондой иш кетет. Элдин атынан президент жана депутат гана сүйлөй алат. Парламентте чындык айтылыш керек. Канчалык чындык айтылса, көчөдөгү талаш-тартыш парламентке кирет», — деди ал.