Келдибеков: «Ташиевдин психикалык саламаттыгы тууралуу справка эч качан болгон эмес»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков соцтармактагы баракчасында пост жазып, Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы тууралуу справка эч качан болгон эмес деп так айта аларын жазды.

«Бардык нерсенин өз талаптары жана айтылбаган эрежелери болот. Саясатта да ошондой. Кандай кырдаал болбосун биз кимдир бирөөнүн жекелигине өтүп, анын жеке жашоосуна, адамдык касиетине асылууга акыбыз жок. Бул ар бир өзүн сыйлаган адам үчүн жазылбаган мыйзам. Ал эми Камчыбек Ташиев тууралуу айта турган болсок. Айрымдар жөн гана үстүртөн кеп салып, каңырыш сөз таркатып жатышса, мен окуяга күбө болгон адам катары, Ташиевдин психикалык саламаттыгы тууралуу справка эч качан болгон эмес деп так, кесе айта алам.

Ооба, ошол кездеги бийлик менен Ташиевди үй камагына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Мындай сүйлөшүүлөр мыйзам ченемдүү эле. Эки тарап тең макул болуп, кол алышканбыз. Бирок бийлик берген убадасынан танып, президенттин аппарат башчысы баш болгон 3-4 адам Ташиев менен макулдашылбаган беренелер менен атайын корутунду даярдашкан. Бийликтин мындай арам ойлору, алар даярдаган атайын планы боюнча анын кабары да болгон эмес. Биз, “Ата-Журт” партиясынын депутаттары бийлик тарабынан атайын долбоор даярдалып жатканын угуп, юристтерди чакырып, баарын изилдеп чыгып, бул Ташиевге карата карасанатайлык менен жасалган ыплас мамиле экенин тактаганбыз. Биз гана эмес бүтүндөй коомчулук бийликтин мындай кадамдарын Ташиевди саясатчы катары сындыруу аракети деп баалаган. Ошондуктан бул окуяларга күбө болуп аралашып жүргөн адам катары ошол маалдагы бийликтин ыплас оюндары бүгүн Ташиевди каралоо үчүн кандайдыр бир далил болуп бере албайт деп айта алам», — деп жазды ал.