Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды

Айдарбеков Айбек Акматбекович Орусия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин дагы бир буйругу менен бул кызматтан Калдарали Маматалиев бошотулду.

Буга чейин Айдарбеков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.