Айбек Бузурманкулов кызматтан алынышын «саясий чечим» деп эсептейт

Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкулов социалдык тармакка кызматтан кетиши боюнча билдирүү жазды.
Анын айтымында, жумуштан бошотулушуна Жерүй боюнча позициясы себеп болгон.
«Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду. Жерүй боюнча карманган позициям себеп болду деп эсептейм. Жакында Жерүйдөгү мыйзам бузуулар, эл аралык таасир, саясий интригалар ж.б. боюнча кенен пресс-конференция берем. Садыр Нургожоевичке өлкөбүздөгү оор күндөрү Талас облусуна жоопкерчиликтүү кызматка дайындагы үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазган ал.