Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн маалыматында, Бузурманкулов башка ишке өткөнү айтылган. Айрым маалымат булактары Бузурманкуловдун РСК-банктын Директорлор кеңешинин курамына киргенин жазышууда.
Айбек Бузурманкулов Талас облусунун 1983-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында туулган.