Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Ал ушул жылдын февраль айында президенттин администрациясынын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган эле.