Айбек Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Айбек Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Айбек Молдогазиевди тааныштырды.

Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген, «Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин дипломатиялык баскычтарынын баарын өткөн. 2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

2017-жылдын августунан баштап Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө Кеңешчи — кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.