Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Кечээ, 2-июлда аймактык комиссиясынын отуруму өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Айбек Стамов төрага, ал эми катчы болуп Бахадыр Конуров шайланган.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Кайрат Маматов иштеп келген.