Аида Касымалиева коррупцияга шектелип кармалган Асылбек Жээнбековдон кабар алды

«УКМКнын СИЗОсунда жаткан кесиптешим жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго барып келдим». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Асылбек Жээнбеков «болгон окуялардын бардыгын эсептешүү жана саясий талааны тазалоо деп эсептээрин» кошумчалады. Парламенттин мурунку төрагасы ага коюлган айып боюнча эч кандай фактылар жана аргументтер жок деп эсептейт. 

Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк атайын орган анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканын маалымдаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.