Аида Касымалиева: «Ал күндөрү үйдөн үй, телефон номерлерди, таксиден такси алмаштырып жүрдүк»

Жогорку Кеңештин учурдагы вице-спикери Аида Касымалиева «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип, «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү, Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин эмне кылышканы тууралуу айтып берди. «Ал күндөрү телефон номерлерди улам алмаштырып, үйдөн үй которуп, таксиден такси алмаштырып жашап калдык. Мени СГОнун балдары 1 күн кайтарышты. Бирок андан өзүң жүдөп кетет экенсиң»,- дейт. Ошондой эле ал өзү айтып чыккан «коркутуулар болуп жатат» деген сөзү тикелей келип коркутуу эмес, жанында тиктеп туруп басым көрсөтүү катары болгонун айтат.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.