Аида Касымалиева: «Биримдик» административдик ресурсту колдонгон жок»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбековдук «Биримдик» партиясынын алдыңкы сабында барган депутат Аида Касымалиева маек берди. Ал өз маегинде «Биримдик» административдик ресурсту колдонбоду дейт. «Биримдикке» бийликтин партиясы катары басым абдан катуу болду. Ошондой эле «биз бийликтин партиясыбыз» деп башка партиялар да жүрдү. Административдик ресурс иштебей калды десек болот. Кызматта кимдин кадры болсо административдик ресурс ошол партияга иштеди»,- дейт ал.

Маектин толук версиясын шилтемеден табасыз.