Аида Касымалиева: «Жээнбековдун отставкага кеткенине «шок» болдук»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген «Биримдик» партиясынын өкүлү Аида Касымалиева «Жээнбеков отставкага кеткенде «шок» болдук» дейт.

«4-октябрдан кийинки өлкөдөгү кырдаалдан улам саясатта баары аралашып эле калды,  ким кимдер менен, кайсы позицияда экени түшүнүксүз. Сооронбай Жээнбековдун оставкага кеткени аны колдогон команда үчүн «шок» болду. Мен ушул кырдаалдан өтүп кетсе, 3 жыл иштесе, же жок дегенде парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүп кетсе деген пикирде элем. Эмнеден улам күтүүсүз отставкага кеткенин айткан жок. Аны менен 2-3 жолу телефон аркылуу сүйлөштүм. Себебин жакын арада айтпаса керек»,- дейт Касымалиева.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.