Жаңы Баш мыйзамда депутаттын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июндагы парламенттин кезектеги жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөрдүн» айланасындагы коррупциялык иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын кармалышы мыйзамсыз болгон. «Депутаттар кылмыш кылып жаткан жеринен кармалбаса, көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет. 1-майдагы кармоолор Баш мыйзамга каршы. Бул боюнча комитеттерге протоколдук тапшырма берилди. Жогорку Кеңеш өз позициясын айтууга тийиш. Жаңы кодекстер келерки жума Жогорку Кеңешке кирет. Кармоо жана камакка алуу мыйзамсыз. Мыйзамдарда карама-каршылыктар болгондо, Баш мыйзам түз иштейт«, — деди ал.











