Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды болочок депутаттарга иш бөлмөлөрүн өткөрүп бербөөгө чакырды.
«Бул маселени өз ара чечүүнүн кереги жок, анткени алар өздөрү комиссия түзүп, бөлүштүрүү менен алектенет», — деди ал.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, парламентке бирдиктүү округ боюнча 6 партиядан 54 депутат жана бир мандаттуу округдардан 34 талапкер шайланды. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабарда чыгат.