Вице-спикер Аида Касымалиева: «Креслого байланбайм»

«Креслого байланбайм». Вице-спикер Аида Касымалиева аны кызматтан кетирүү үчүн кол топтоп жаткан депуттаттардын аракетине мына ушундай жооп кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

 “Процедура фракция аркылуу кетип жатат, бирок мен бул тууралуу толук билбейм, баары көшөгө артында жүргүзүлүүдө. Эгер мага келип, түз эле менин ордумду каалап жатышканын айтышса, бошотуп бермекмин. Бул чакырылыштын иштөө мөөнөтү эчак эле бүткөн, ортодо бийликте боштук болуп калбасын деп мөөнөтүн узартканбыз. Азыр интрига токуй турган убак эмес”, — деген Касымалиева.

Маалым болгондой, Касымалиеванын отставкасы үчүн кол топтоонун демилгечиси — Гүлкан Молдобекова. Аида Касымалиева бул кызматка КСДПнын сунуштоосу менен 2018-жылы келген.