Айгүл Жапарова Кыргызстан Орусия менен болгон мамилени жогору баалайт деди

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 6-мартта Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Айгүл Жапарова Кыргызстан Орусия менен болгон мамилени жогору баалай турганын баса белгиледи. Эки өлкөнүн элдеринин достугу узун заман жана тарых менен далилденген узак мөөнөттүү ишенимге жана жакшы мамилелерге негизделген. Маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелерге токтолуп, ал быйыл Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылып жатканын, быйыл улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тили жылы деп жарыяланганын белгиледи. Кыргызстан үчүн орус тили биринчи кезекте орус маданиятынын, анын илимий-техникалык жетишкендиктеринин казынасынын ачкычы, ошондой эле Кыргыз жарандарынын Орусияда эмгек укуктарын ишке ашыруу жана орусиялыктарды кыргыз маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгү катары саналат.

Ошондой эле быйыл улуу планетардык масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири белгиленет. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап КМШ алкагында өтө турган көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган тематикалык иш-чараларга активдүү катышууга жана анын эмгектерин 2023-жыл КМШда эл аралык баарлашуунун тили катары орус тили жылы деп жарыялоонун алкагында орус тилин изилдөө аркылуу орус тилин жайылтууга даяр.