Айжан Чыныбаева вице-мэрлик кызматтан кетерин билдирди

Айжан Чыныбаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу вице-мэрлик кызматтан кетип жатканын айтты.

Ал шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан. Чыныбаева Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун иштөө методуна кошулбай турганын белгилеп, аны менен мамиле түзө албаганын кошумчалаган.

Чыныбаева аталган кызматка 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин келген. Ал «Бир бол» партиясынын тизмесинде соңку парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.