Айнура Сегизбаева: «25-январь күнү эшик такылдаганда эле баарын түшүндүк»

Биздин үйгө чакырыксыз эч ким деле келчү эмес. 25-январь күнү эшик такылдаганда эле биз баарын түшүндүк. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү алардын үйүнө 5 жигит келген. Бирок алар Абдил Сегизбаевдин көзүнө тике карай албай, кагазды сунушкан.

«Бизде анда жактоочу да жок болчу. Кийимдерин даярдап алып эле кетти. Тергөөгө деп алып кетишкен. Телефонун да калтырыптыр. УКМКнын балдары келген. Бирок эмнегедир ошол жакка алып барбай, Аскер прокуратурасына алып кетишиптир. Саат 2-3 болуп калганда биз издей баштадык. Жактоочу тапканга да аргасыз болдук. Саат 6ларда анын каякта экенин билдик. Биз булардын артында ким турарын, кандай кадамдарга барарын билип эле турдук», — деди ал.

Маекти шилтемеден табасыз.