Айнура Сегизбаева: «Абдил үчүн Садыр Жапаров деген саясатчы жок болчу»

Абдил үчүн Садыр Жапаров деген саясатчы жок болчу. Муну Абдил өзү деле айтчу. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда Абдил Сегизбаеге Садыр Жапаровду мууздаган, анын ата-энесин, баласын өлтүргөн деген айыптар коюлуп жатат. Мындай жалган маалыматтардын артында да адамдар турат.

Айнура Сегизбаева Садыр Жапаровдун кармалып, камалышы тууралуу да кеп салды.

«Садыр Жапаровду камаганда дагы аны жөн эле камап салды деп айтышкан. Бирок ал соттун чечими менен камалган. Чек арадан өтөрдүн алдында кишилерди жибертип айттырган: «Өтсөң камаласың»,- деп. Ошого карабай 2 саат ойлонуп, өтүптүр. Менимче, ал учурда Садыр Жапаровдун башка аргасы жок болчу. Себеби анын артында Бакиевдер турган»,- деди ал.

Маекти шилтемеден табасыз.