Айнура Сегизбаева: «Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап жүргөн кишиге кайрылбайм. Биздин тагдырды бир гана Кудай чечет»

Абдил шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошол үчүн камалып кетти. Курсан Асанов да тааныган эмес, ал да камалды. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Биринчи айымга кайрылуу тууралуу ой менде болгон жок. 5-октябрда болгон нерселердин баарын мен тааныбайм. Болгон нерсенин баары мыйзам талаасынан тыш болду. Чектен чыгып кеткен нерселер болду. Мен аларга сураныч менен кайрылгандай алар ким? Мен буларды тааныбайм. Абдил да шайлоонун жыйынтыгын расмий тааныган жок. Ошол үчүн камалып кетти. Ошондой эле Курсан Асанов да тааныган жок. Ал да бир жумадан кийин камалды. 2020-жылы Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап жүргөн кишиге мен кайрылбайм. Биздин тагдырды бир гана Кудай чечет»,- деди ал.

Маекти шилтемеден табасыз.