Айнура Сегизбаева: «УКМКнын кызматкерлерин Кудайга койдум. Алар баары бир өз жазасын алышат»

Биздин колдорубузду кайрып, коркутуп-үркүтүп Ленин РИИБге салып кетишти. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Мен ал учурда нес абалда болчумун. Анан аксакалдар «Эртең инаугурация болот. Нааразычылыгыбызды айтып калышыбыз керек» деп айтып калышты. Даярданган да эмесмин, же андай тажрыйба жок. Колума бир плакат кармап алсамчы деги. Жанымда 2 эже бар болчу. Филармониянын тегереги тосулган эле. Биз ал жакка жакындаган жокпуз. Бирок эмнегедир биздин колубузду кайрып, Ленин РИИБге алып кетишти», — деди ал.

Анын айтымында, РИИБдин кызматкерлерин да УКМКнын кызматкерлери башкарып жүрүшкөн.

«Мен кимдин ким экенин билбейм да. Алар кеткенден кийин айтышты булар УКМКнын балдары деп. Менин РИИБдин кызматкерлерине эч кандай доом жок. Алар мыйзам чегинде иш алып барышты. Бирок УКМКнын кызматкерлери чектен ашып кетишти. Мен бир баласынан «кимсиң?» деп сурасам, менин бетиме жакындап келип «ютубдан карап ал» деди. Мен ошол жерде эмне деп айтышты билбей, отуруп калдым», — деди ал.

28-январда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары филармониянын алдына митингге чыгышкан. Аларды Ленин РИИБдин кызматкерлери кармап кеткен болчу.

Маекти шилтемеден табасыз.