Айрым депутаттар Балбак Түлөбаевди кызматтан кетсин дешти

Бүгүн, 19-январда айрым депутаттар Бишкек мэринин милдетин аткаруучусун  жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүн кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдомой болушту. Буга Балбак Түлөбаевдин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынына тоотпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болду.

“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели”, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.

Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун берди.

Депутат Рыскелди Момбеков курулуш тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды. “Буга чейин Бишкектин төрт мэри түрмөдө отуруп чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш ушул мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени бул чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, — деп нааразылыгын билдирди Рыскелди Момбеков.

Жыйын соңунда Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо, шаар бийлигине чара көрүү чечимин кабыл алды.