Айрым партиялар менен кыймылдар «Намыс жана тартип» коалициясын түзүп, парламенттик шайлоого бирге бармай болду

Айрым партиялар менен кыймылдар «Намыс жана тартип» коалициясын түзүп, парламенттик шайлоого бирге бармай болду. Бул тууралуу «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, коалицияга «Ар-Намыс», «Улуттар» биримдиги», Кыргызстан элдик-демократиялык саясий партиясы жана «Мекендештер», «Элдик көзөмөл», «Көзөмөл», «Мекен сакчысы» кыймылдары кирген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.