Фракциялаштар Сайдулла Нышановдун буга чейинки «фракциядан чыгам» деген сөзүн эске алышкан жок. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Айсулуу Мамашова СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.
Депутаттын айтымында, ал фракциянын отурумуна барган эмес.
“Мен фракциянын отурумуна бара алган жокмун. Зарыл жумуштарым бар эле. Өзүңүздөр билгендей эле, Өмүрбек Текебаевдин мандатын алгандан кийин ушундай чечим чыгарышты. Отурумга фракциянын 4 мүчөсү катышкан жок. Ушул эле отурумда Шайлообек Атазовду лидердин орун басары кылып дайындашыптыр”, — деди ал.
Буга чейин Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин жыйынында партиядан чыгарын айткан эле. Бул боюнча Айсулуу Мамашова буларга токтолду.
“Ооба, буга чейин жыйында ошентип айткан. Ошол эле учурда Нышановдун лидер болгонго моралдык укугу бар. Фракциялаштар депутаттын буга чейинки айткан сөзүн эске алышкан жок”, — деди ал.
Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп Сайдулла Нышановдун шайланганын билдирди. Ал эми анын орун басары Шайлообек Атазов болду.












