Айсулуу Мамашова: «Онкология борборунун директорун кызматтан алуу керек»

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева кызматтан алынышы керек. Мындай оюн депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык борбордо 2 аппарат: рак менен ооругандарды сыртынан нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат (линейный ускоритель) жана брахитерапиялык аппарат иштебейт. «Нур менен кактоочу аппарат (линейный ускоритель) чоң суммага сатып алынган, бирок алар дагы деле иштебей турат. Брахитерапия аппарат да сатып алынган, ал дагы бейтаптарды кабыл албайт, анткени оңдой албайбыз. Директор сапатсыз аппаратты сатып алган», — деди Мамашова.