Айыл чарба министри Кашкарбаевди өзүнө кеңешчи кылып дайындоо себебин айтты

Бизде азыр серепчилер менен сунуш айткандар көп. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскар Жаныбеков бүгүн, 27-апрелде маалымат жыйын учурунда жаңы дайындалган кеңешчиси тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Менин принцибим мындай — сын айтасыңбы — сунуш бер, сунуш бересиңби — жаса, жасайсыңбы — жооп бер. Бизде эмне көп? Серепчи көп. Бизде сунуш айткандар көп.  Жоопкерчиликти моюнга алыш керек да. Айта кетчү нерсе, коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматкер эмес, акча албай, эмгек келишими түзүлбөй иштейт. Анын негизги функциясы — коомчулукка министр менен министрликтин иши, милдеттери, максаттары тууралуу маалыматтарды жеткирүүдө жардам берүү. Бүгүнкү күндө биздин айыл чарба министрлиги ар бир кыргызстандыктын сунушуна, жардамына, колдоосуна муктажбыз. Кашкарбаевдин биздин ишти элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен, эмнеге аны пайдаланууга болбосун? Же ага бир сом акча төлөбөсөк, же кабинет бербесек? Ал биздин саясатты  элге, элдин мүдөөсүн бизге жеткириш керек», — деди министр.

25-апрелде Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанымал Бакай Кашкарбаевдин айыл, суу чарба министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганы белгилүү болгон. Бул дайындоо көпчүлүк соцтармак колдонуучуларын таң калтырган. Буга биринчиден, Кашкарбаевдин үстүнөн «Бийлик өкүлүн опузалоо» беренеси менен иш козголгону тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалымат себеп болсо, экинчиден анын ыйлап, президенттен өзүнө кеңешчи кылып дайындоону суранган тасмасы интернетте тарап кеткен.