Айыл чарба министри: «Өлкөдө эч кандай азык-түлүктүн тартыштыгы жок. Кумшекер менен биз өзүбүз деле камсыздай алабыз»

MOSCOW, RUSSIA - OCTOBER 22, 2020: A customer shops at a Lenta supermarket amid the COVID-19 pandemic. Vladimir Gerdo/TASS Ðîññèÿ. Ìîñêâà. Ïîêóïàòåëü â ìàãàçèíå "Ëåíòà" íà ßðîñëàâñêîì øîññå âî âðåìÿ ïàíäåìèè êîðîíàâèðóñà COVID-19. Âëàäèìèð Ãåðäî/ÒÀÑÑ

«Өлкөдө эч кандай азык-түлүктүн тартыштыгы жок». Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдири. Ал элди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана баалардын жасалма көтөрүлүшүн жаратпоого чакырды.

«Өлкөдө азык-түлүк калбай калды деп тынчсызданууга негиз жок. Кумшекер боюнча биз өзүбүздү камсыздай алабыз. Ушундай эле кырдаал өсүмдүк майы боюнча дагы айтып койгум келет. Ун дагы тартыш эмес. Биз өзүбүздү толугу менен жашылча, картошка жана эт менен камсыздай алабыз», — деди министр.

Аскарбек Жаныбеков Министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бир канча токтомдорду кабыл алганын да эскертти. Андан тышкары ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Материалдык резервдердин кампасында үч айга жете турган азык-түлүк сакталарын айтты.