Айыл чарба министри: «Атаңгөрү, Бишкекте эт комбинатым болсо, жакшы эле болмок»

Бүгүн, 27-апрелде маалымат жыйын учурунда айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өзүнүн бизнеси тууралуу суроолорго жооп берди.

Министр Кыргызстандагы эң алдыңкы агрокомплекс түзүүгө жетишкенин айтып, аны менен сыймыктанарын кошумчалады.

«Баарынын бүйүрүн кызыткан Аскарбек Жаныбеков деген ким, канча бизнеси бар, кантип ушуга жетти деген суроолорго жооп берейин. Менин айыл чарбасында эле бизнесим бар. Үй-бүлөм менен түптүз эле жерден талкаланган базды сатып алып, ошол жерге Кыргызстандагы эң алдыңкы агрокомплексти түзгөнгө жетиштик.  Ал жерде асыл тукум жылкы, асыл тукум кой, асыл тукум уй кармап, окуу борбору, багбанчылык менен алектенебиз. Мен жөн сүйлөбөйм, айткан сөздөрүмдү турмушка ашырып, ошол чарбамдын базасында Кыргызстандын айыл чарбасынын кичинекей моделин түзгөнгө жетиштим. Бул — менин сыймыгым. Бир дагы чарчы метр жерди менчиктештирген киши эмесмин. Бүгүнкү күндө бир гектар Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондусунун жерин иштетпейм. Асыл тукум чарба бар, асыл тукум завод бар, үрөнчүлүк чарба бар, ошолорго жер берилиши керек эле. Биздин чарба бир да гектар жерди пайдаланбайбыз. Азыр бир да киши келип, мамлекеттик жерин пайдаланып жатасыз деп айта албайт», — деди ал.

Ал Бишкекке эт комбинат курганы тууралуу имиштерди четке какты.

«Атаңгөрү, Бишкекте эт комбинатым болсо жакшы эле болмок. Бирок андай эмес. Министрликке келерден мурун Караколдо заманбап эт комбинатын куруп, ишке киргизгенге үлгүргөм. Ал бар, ал биздин үй-бүлөлүк бизнес. Мен сыймыктанам. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң заманбап эт комбинаты. Албетте, каражат финансылык институттардан насыяга алынган», -деди министр.