Айыл чарба министрине эскертүү берилип, Жаңы жылга чейин убакыт берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министр Жаңы жылга чейин бардык кемчиликтерди оңдоосу керек. «Болбосо президентке сиздин да, командаңыздын да жоопкерчилигин кароону сунуштайбыз», — деди төрага.