Айыл чарба министрлиги буга чейин салган тыюуну убактылуу токтоткону жатат

Айрым азык-түлүктү жана малды сыртка алып чыгууга салынган тыюуну 2021-жылдын январына жылдыруу сунушталууда. Мындай сунуш камтылган өкмөттүн токтомунун долбоорун Айыл чарба министрлиги алып чыкты.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, тыюу салууну жылдырууга бул жагдайдан улам зыян тартып жаткан ишкерлердин кайрылуусу себеп болгон. Алсак, жүгөрү өстүргөн дыйкандардын башка өлкөлөргө 300-400 миң тонна сатууга мүмкүнчүлүгү бар, алар тийиштүү келишимдерге кол коюп да алышкан. Ушундай эле арыз менен министрликке күрүчтү жана малды сыртка сатуу менен алектенгендер да келишкен. “Кайыңды-Кант” да Өзбекстанга кумшекер жеткирүү боюнча келишимге кол коюп, 12 вагонго жүктөлгөн товар азыркы күнгө чейин заводдун аймагында турат.

Мындан улам, Айыл чарба министрлиги тыюу салынган азык-түлүктүн тизмесинен жүгөрүнү алып салууну, жергиликтүү айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында тыюу салуунун мөөнөтүн кийинки жылдын 1-январына жылдырууну сунуштайт.