Айыл чарба министрине жана орун басарына эскертүү берилди

Кезексиз жыйында министрлер кабинети Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишин жетишсиз деп баалады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү кезексиз жыйында бир катар министрликтин жетекчилери эскертүү алды. Алардын ичинде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков эскертүү алып, анын суу чарба боюнча орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланды. Айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Азамат Мукашев ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу экендигин карап чыгуу тапшырылды.

“Эгер сиз убагында болуп жаткан кырдаалга көңүл бурсаңыз, суунун жетишсиздиги, азык-түлүктүн кымбатташы сыяктуу маселелер жаралмак эмес. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз деп бааланууда”, — деди министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов.