Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иш каралды. Аларга карата коррупция фактысы боюнча Орусиянын жараны Леонид Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкарусуна киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 миллион долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган. Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.
2017-жылы жогорудагы иш боюнча Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2019-жылы Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Ошондон бери бул иш Биринчи Май райондук сотунда каралып келе жаткан. Өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Өмүрбек Текебаев Садык Шер-Нияздын мандатын бошотуп берүүсү аркылуу Жогорку Кеңешке депутат катары келген. Бирок Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. Мунун соңунда Текебаев кайра мандатсыз калган.










