Ажолор биринчи кайсы өлкөгө «айылчылап» барышкан? Тизме

Кечээ, 25-январда вице-премьер Равшан Сабиров жаңы шайланган президент Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын Орусиядан баштай турганын парламентте билдирген эле. Мындан улам, SEREP.MEDIA маалымат агенттиги өлкө башчыларынын чет жакка жасалган биринчи визиттерин эске түшүрдү.

Аскар Акаев Түркияга, Роза Отунбаева Казакстанга барса, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. Садыр Жапаров да соңку президенттердин жолунан жазбайт көрүнөт.