Ак Үйгө бет алган «Баш мыйзам үчүн!» деген жөө жүрүш башталды

Бүгүн, 22-ноябрда Ак Үйгө бет алган «Баш мыйзам үчүн!» деген жөө жүрүш башталды. Анын катышуучулары азыркы убакытта темир жол бекетинин жанында чогулууда.

Акциянын катышуучулары Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болуп жатышат. Алар Ак Үйгө жөө барышмакчы.

Азырынча элге таанымал болгондордон Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Каныбек Иманалиев жөө жүрүшкө барышты.