Ак Үй жөө жүрүш өткөрүп жаткандарга сөөмөй кезеди

Кечээ, 3-январда Бишкекте ар аптанын жекшемби күнү уюштурулган “Мыйзамдуулук үчүн” онунчу жөө жүрүшү болуп өттү. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна жана референдумга каршы чыгып жаткан жарандык активисттердин наарызычылык акциясы адаттагыдай эле темир жол бекетинен башталып, “Ала-Тоо” аянтында аяктады.

“Мыйзамдуулук үчүн” кезектеги жөө жүрүшүнүн талаптары боюнча президенттик аппараттын маалыматттык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов комментарий берди. Ал “Кабар” мамлекеттик агенттигинде жарыяланды.

“Жөө жүрүштүн катышуучулары коюп жаткан бардык талаптарга, анын ичинде айрым талапкерлердин шайлоого катышуусунун мыйзамдуулугу боюнча талапка дагы мамлекет тарабынан өз убагында бардык жооптор жана түшүндүрмөлөр берилген. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучуларынан калп маалыматты таратуу менен коомчулукту адаштырбоого чакырам.

Бүгүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүп, анын ичинен бирөө жарымына административдик кысым көрсөтүү ыкмасына жол берилбей жатканын белгилөө керек. Президенттик аппарат тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарга шайлоо процессине кийлигишпөө боюнча тапшырма берилген. Ачык айтканда, азыркы саясий кырдаалды пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөдөгү абалды туруксуз кылууну каалап жатышат.

“Мыйзамдуулук үчүн” деген жөө жүрүштүн уюштуруучулары коомчулукка бурмаланган маалыматты берүүнү токтотушу керек. 10-январда эл чагымчылдарды ээрчибей, өзү тандоо жасашы керек”, — дейт Нургазы Анаркулов.