Аккулу Бердиев: «Депутат болгонумду интернеттен окудум»

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш өз ишин баштады. Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын катарын 6 депутат толуктаганы айтылды. Алар ант беришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жаңы депутат Жумабек Салымбековдун ден соолугуна байланыштуу келбегенин билдирди.

Депутаттык ишке киришкен Аккулу Бердиев депутат болорун интернеттен окуганын айтты.

«Мен депутат болорумду интернеттен окудум. Эртеси БШКдан чалышты. Бул да насип, буйрук экен. Жаңы келдик. Кыргыз эли, мамлекет үчүн иштейбиз»,- деди ал.

Арсланбек Эгембердиев кезеги келип депутат болгонун, буга чейин аэропортто иштегенин айтты. «Андан кийин жеке ишкерлик менен алектендим. Мигрант маселеси бар. Аларга шарт түзүп берүү боюнча ойлор бар. Ант берген соң жоопкерчиликти сездим. Азыр өлкөдө жылыш бар»,- деди ал.