Орусиянын депутаты АКШ таза атаандаштыкта шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстан жана Казакстандан үйрөнүшү керек дейт

Орусиянын Мамлекеттик думасынын өкүлү Вячеслав Володин АКШ таза атаандаштыкта шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстан жана Казакстандан үйрөнүшү керек дейт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар  жазып чыгышты. Вячеслав Володин Кыргызстанда жана Казакстандагы январь айында өткөн шайлоолорго байкоочу катары келген.

“Билесиңерби, бул өлкөлөрдө шайлоолор улуттук мыйзам ченемдүүлүктөр менен ачык өткөрүлдү”, — деген ал. Буга салыштырмалуу АКШдагы президенттик шайлоо жабык системада жана эл аралык байкоочуларсыз жүргүзүлгөнүн сындап, Кыргызстан менен Казакстандан үлгү алыш керектигин белгилеген.