АКШнын элчилиги Матраимовго козголгон кылмыш ишти кубаттайт

Америка кошмо штаттарынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш ишин кубаттоого алды. Бул тууралуу элчиликтин позициясын билдирген пост социалдык тармактагы баракчага жарыяланды.

Анда АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт” деп жазылган.