АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келип, ТИМ башчысы менен жолукту

Бүгүн, 23-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Лу Кыргызстанга Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашкан.

«Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды. «С5+1» платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташкан.