АКШнын өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялады

Америкалык конгресстин өкүлдөр палатасы АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоого добуш берди. Конгрессмендер жалгыз эле бир беренени карашып, тагыраагы козголоң чыгарууга козутуу боюнча айыптоону бекитип беришти. Резолюцияда “мамлекет башчынын аракеттери оор кылмыштарга кирет” деп жазылат. Маселе добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынып, атүгүл республикачыл өкүлдөрдүн ичинен 10у да колдоду. Баары биригип Трампка импичмент жарыялоого палатанын 232 мүчөсү макул, 197си каршы болду. Эми 20-январда мөөнөтү аяктай турган Дональд Трампты президенттик кызматтан бошотууну сенат 19-январга чейин карашы керек болот.

АКШнын президенти өзү 6-январдагы окуя үчүн жооптуу эместигин, ал эми импичмент жарыялоону куугунтук деп атаган. Кечээ, 13-январда Дональд Трамп “жаңы демонстрациялар тууралуу маалыматтар чыгып жаткандыгына байланыштуу эч кандай зомбулук, эч кандай мыйзам бузуу, эч кандай вандализм болбошуна көптөн-көп чакырам” деген билдирүү тараткан.