АКШнын Улуттук демократиялык институту КТРК менен болгон кызматташуусун токтотту

КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы дебаттары АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан каржыланып келе жаткан. 6-январда кезектеги теледебаттардын биринде каналдын журналисттеринин талкууга одоно аралашуусу, бир жактуу аракеттери, катышуучулардын сөзүн бөлүү өңдүү иштери үчүн АКШнын Улуттук демократиялык институту КТРК менен кызматташууну токтотту.

Аталган институт менен КТРК 2016-жылдан бери кызматташтып келген.  Бул КТРКга карата нааразычылыктардын кезектеги толкунун жаратты.

Өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 10-январда болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Садыр Жапаров жеңишке жетип, ал эми башкаруу формасы боюнча референдумда мамлекеттик түзүлүштүн президенттик моделине басымдуу көпчүлүк добуш берди.