Аксы районунун милиция башчысы менен акими ээлеген кызматынан бошотулушту

Кечээ, 4-январда Аксы районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразычылык акциясына дагы чыгышып, бул сапар жол боюна эки боз үй тигип, Ала-Бука – Чаткал – Жалал-Абад жолун буушту.

Алар буга чейин 2-январда УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын имаратынын жанында митинг өткөрүшүп, анда 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбекованы бошотууну талап кылышкан эле. Андан тышкары митингдин катышуучулары Аксы районунун башчысы менен Аксы РИИБинин башчысын ээлеген кызматынан четтетип, жоопко тартууну талап кылышкан болчу. Бул 3 жаран Кербен шаарында акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган митингдин мушташ менен коштолушуна, тагыраагы ошол тополоңду уюштурууга шектелип кармалган. Мушташтан кийин 1 киши каза болгон жана 6 адам жаракат алган. УКМК нааразычылык акциясы боюнча Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирип маалымат тараткан болчу.

Тосулган жолго келсек, ал кайра кечээ күнү кечки убакытта кайра ачылды. Боз үйлөрдү да кайра чечип жыйнап коюшкан. Аксы ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шекербек Тангиров жана Аксы районунун администрациясынын башчысы Эсеналы Ормоналиев ээлеген кызматтарынан бошотулушту.